Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрлиги кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт!

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрлиги кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт!

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин атынан өлкөбүздүн Көз карандысыздык күнү менен куттуктайбыз!

Эркиндиктин желеги желбиреген мамлекетти курууда, кылымдарды карыткан тарыхта далай белести ашып, оор сыноолорду башынан кечирди. Ошондуктан эгемендүүлүктүн түбөлүктүүлүгүн сактоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Энергетика жана өнөр жай, жер казынасын пайдалануу — бул тармактар өлкө экономикасынын өзөгүн түзөт. Ошондуктан
экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча ишенимдүү кадам менен алдыга арыш таштай берели!

Жерибизде тынчтык болсун, жүрөгүбүздө ыйман орноп, ишибизди ийгилик коштосун! Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун!